Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык жыйын өтүүдө


Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Анын ачылышына өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов катышып, Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин айтты. Өлкөнүн тышкы товар жүгүртүүсүнүн үчтөн бир бөлүгү Орусия менен болоорун кошумчалады.

Жыйынга кыргыз тараптан биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, орус тараптан Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов төрагалык кылууда.

Бельянинов Орусия да Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыгын арттырууга кызыктар экенин белгилеп, ортодо кайчы пикир жараткан маселелер жок экенин айтты.(RK)

XS
SM
MD
LG