Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Бишкекте түрмө жашоосу жөнүндө фотокөргөзмө өтүп жатат


Борбор Азиядагы Америка университетинде абактагы жашоо жөнүндө баяндаган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат.

Анда италиялык сүрөтчү Алессандро Скотти жана анын кыргызстандык кесиптештери Алимжан Жоробаев менен Максим Шубович Чүйдөгү төрт түрмөдө, анын ичинде аялдар колониясында тарткан 42 сүрөт коюлду. Жоробаев ал сүрөттөрдүн бирин мындайча сүрөттөдү:

Эң жакшы сүрөттөрдүн биринде Инжил китебин кармап отурган, бүт ийне сайып, сүрөт тартылган колду көрөбүз. Сүрөттүн мааниси – бул киши акыры өз күнөөсүн моюнга алган, ошондуктан Инжилди окуп отурат.

Долбоор Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы абак реформасын колдоо программасынын алкагында ишке ашууда. Буга чейин ушул эле көргөзмө Австриянын Вена шаарында уюштурулган. RK/JCh

XS
SM
MD
LG