Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Кытайда көзү азиз укук коргоочу качып, видео чыгарды


Кытайдын таанымал диссиденттеринин бири үй камагынан качып, өкмөт башчысына багышталган видеону интернетте жайгаштырды. Чең Гуаң Чең видеодо бийликтерди өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн сабалышын иликтөөнү, алардын коопсуздугун кепилдөөнү жана коррупция менен күрөшүүнү суранат. Укук коргоочулардын айтымында, Чен Кытайдын чыгышындагы Шандоң дубанындагы үйүнөн 22-апрелде качкан. Көзү көрбөгөн укук коргоочу азыр АКШнын Бээжиндеги элчилигинде экендиги айтылууда. Чен төрт жылдык түрмө мөөнөтүн өтөп чыккандан көп өтпөй камалып, 20 айдан бери үй камагында болчу. Ал кичи мекенинде аялдардын күч менен боюнан алдырып, стерилизацияланышы тууралуу иликтөөлөрүн ачыкка чыгаргандыгы менен таанымал.

XS
SM
MD
LG