Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин штабынан билдиришкендей, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Баткен облусунун Лейлек райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүрдү. Суу ташкыны 27-апрелден 28-апрелге караган түнү жааган жаандан пайда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча селден адам өмүрүнө зыян келген эмес, жапа чеккендер такталууда.
23-апрелден 25-апрелге чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында сел жүргөн. Анын ичинде Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө болду. Сел кырсыгын алдын алуу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүп, эскертүү берилген. Азыр тиешелүү техникалар, гуманитардык жардамдар жеткирилди.
Аба ырайын маалымдоочу борбордун кабарлашынча, 30-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлүү жаан уланат. Буга байланыштуу сел коркунучу сакталып, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү күтүлөт. (ZKo)