Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

“Майдан.kg” гезити элге жетпей атат


Гезит ээси Нургазы Анаркуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, акыркы эки жумадан бери белгисиз бирөөлөр басылманы дүңүнөн сатып алып, натыйжада гезит окурмандарга жетпей жатат. Редакция муну өкмөт тарабынан сөз эркиндигине жасалган кысым деп эсептейт. Анаркуловдун белгилешинче, бул сандарда өкмөттөгү коррупция, кыргыз өкмөтүнүн жүз күндүк программасы тууралуу аналитикалык макалалар жарыяланган. “Майдан.kg” гезити жумасына бир жолу чыгат. Басылманын ээсинин айтымында, Жалал-Абадда “Майдан.kg” гезитин коргоо комитети түзүлдү.

Аптанын аягында Бишкекте дагы бир басылма - “Алиби” гезитин белгисиз бирөөлөр дүңүнөн сатып кетип, окурмандарга жетпей калган. Ага чейин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин көтөрүп, муну басылмаларда ушак-айың көбөйүп, туура эмес коомдук пикирди калыптандыруу өнөкөтү күчөп жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Өмүрбек Бабановдун басма сөз катчысы Султан Каназаров "бул иштердин артында өкмөт башчы турушу мүмкүн" деген дооматтардын баарын четке кагып, премьер-министрдин мындай аракеттерге эч кандай тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG