Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Днепропетровскидеги жардырууну уюштургандар жөнүндө маалымат берген киши 250 миң доллар алат


Украин бийликтери Днепропетровскидеги жардырууну уюштургандар жөнүндө маалымат берген кишиге 250 миң доллар сыйлык берет.Бул тууралуу ишембиде Днепропетровскиге барган президент Виктор Янукович жабык жыйындан кийин билдирди.

Жума күнү шаардагы төрт жардырууда баш-аягы 30 киши, анын ичинде 10 бала жабыркаган. Азырынча жардырууну ким уюштурганы белгисиз. Шаарда коопсуздук шарттары күчөтүлүп, 2-майга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG