Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргызстанда бир катар шаар жана айыл өкмөт башчылары шайланды


28-апрелде Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрлерин жана Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы бир катар айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо өттү. БШК Каракол шаарынын мэрлигине Ишенбек Өмүрканов, Балыкчы шаар башчылыгына Мирлан Бообеков шайланганын кабарлады.

Ал эми бул бул күнгө белгиленген Токмок шаарынын мэрин шайлоо шаардык кеңеште кворум жоктугуна байланыштуу болбой калды.

Бул жолку шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо” мыйзамына ылайык алгач жолу жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан шайланды. Эми жаңы шайланган мэр жана айыл өкмөт башчылары жергиликтүү кеңеш депутаттарынын мөөнөтү аяктаганга чейин иштей алат. (BkA)

XS
SM
MD
LG