Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Канатбек Бегалиев Лондонго жолдомо ала албай калды


Кытайда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде Каныбек Жолчубек, Атай Койчукулов, Канатбек Бегалиев, Жанарбек Кенжеев Олимпиадалык оюндарга жолдомо ала албай калышты.

Эл аралык күрөш федерациясынын ырасмий сайтында жарыяланган маалымат боюнча, кыргызстандык балбандар арасынан Каныбек Жолчубек жарым финалга жетип, бирок өзбекстандык балбанга утулуп, жолдомого ээ болбой калды. Бүгүн олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу үчүн Азат Эркинбаев, Мурат Романов, Яна Панова жана Мехринизо Нурматова күрөшүп жатат.

Азырынча кыргызстандык балбандардын ичинен Магомед Мусаев гана эркин күрөш боюнча мелдеште 96 кг. салмакта 2-орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG