Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

30-апрелге карата аба ырайы


30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Бишкек-Ош жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо жүргөн учурда айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоосу зарыл.

Ошондой эле 30-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөргө байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

30-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаайт.

Чүй, Талас облустарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 5...10 күндүз 15..20 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7 градус, күндүз 16...21
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 14..19,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3.+2, күндүз 8...13,
Тоолордо түнкүсүн -6...-11, ал эми күндүз 0..+5 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22 градус жылыйт.

XS
SM
MD
LG