Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Бишкекте жаш музыканттардын эл аралык конкурсу өтөт


Бишкекте 3-майдан 10-майга чейин Кыргыз улуттук консерваториясы жана «Одродзение» польшалык маданий-агартуу бирикмесинин ARS POLONIA аттуу VI жаш аткаруучулардын фестиваль-конкурсу өтөт.

Бул тууралуу Кыргыз улуттук консерваториясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, конкурска 7 жаштан 17 жашка чейинки Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ жана Түштүк Кореядан келген музыканттар фортепиано, скрипка, виолончель, үйлөмө аспаптар, гитара жана кыргыз улуттук аспаптары номинациясында катышат.

Уюштуруучулардын маалымдашынча, конкурс эл арасындагы таланттуу жаштарды таап, алардын чыгармачылыгына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Конкурста колунда жок үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдарына өзгөчө көңүл бурулат.

ARS POLONIA эл аралык фестиваль - конкурс болуп саналат. 2010-жылы өткөн конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөрдөн турган жаштардын оркестри түзүлгөн.

Конкурсту уюштурууга Польшанын Кыргызстандагы консулдугу, «Роза Отунбаеванын демилгеси» жана Муратбек Бегалиевдин фонду көмөктөшүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG