Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Украина: абактагы Тимошенконун ден соолугу начарлоодо


Качанов колониясында 7 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун ден соолугу күн санап начарлоодо деп билдирүү таратты экс-премьер башында турган «Батькивщина» партиясынын маалымат кызматы. Тимошенконун тарапкерлери Киевде бир канча күндөн бери Украин бийлигин абалы начарлап бараткан саясатчыны көз карандысыз дарыгерлерге кайрылууга уруксат беришин талап кылышууда. Буга чейин «Шарите» деп аталган немис клиникасы Тимошенкого дарылууга уруксат бериңиз деп президент Виктор Януковичке кайрылган.

Ал арада немис маалымат каражаттары эгер украин бийлиги Тимошенкого чет өлкөдө дарыланууга уруксат бербесе жакында Украинада өтчү футбол боюнча Европа чемпионатына Германия катышуудан баш тартаарын жазып чыгышты. Буга чейин Германиянын президенти Йоахим Гаук дагы Укранига баруудан баш тарткан болчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG