Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Ажылыкка орундар аймактарга бөлүштүрүлдү


Муфтияттын басма сөз кызматы маалымдагандай, быйылкы ажылык сапар үчүн Сауд Арабиядан берилген 4 миңден ашуун орун Кыргызстандын аймактарына бөлүштүрүлдү. Ага ылайык, Ош облусуна 816 орун, Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусуна 720дан орун, Чүйгө 576, Ысык-Көл облусуна 336, Баткенге 288, Нарын облусу менен Ош шаарына 192ден орун, Таласка болсо 144 орун бөлүнүүдө. Квоталарды бөлүштүрүүдө өрөөндөрдөгү калктын саны эске алынды. Ушул тапта аймактарда ажыга барчуларды каттоо уланып жатат. Башка жылдардан айырмаланып, быйыл ажы башчылардын милдетин билимдүү айылдык, райондук, облустук имамдар, казылар жана медреселердин окутуучулары аткарат. Мындан тышкары муфтият беш убак намаз окуганы анык жана эч кандай карызы жок адамдар гана Мекеге зыярат кылат деп эскертүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG