Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

7-апрелде ок жеген Максат Чегирткеев жардамга муктаж


2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда ичине ок тийип, эки жылда беш жолу операция болгон 21 жаштагы Максат Чегирткеевдин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын апасы Карачач Жумалиева билдирип, ичеги-карыны ириңдеп жаткан Максатты дарылоо үчүн каражат тартыш экенин кабарлады. Апрел окуясынын катышуучусун Кыргызстанда дарылоодон майнап чыкпай, жакында аны Кытайдын Үрүмчү шаарына жөнөтүшкөн. Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 300 миң сом түгөнүп баратат. Кытайлык дарыгерлер Чегирткеевге кеминде бир айлык дарылоо курсунан кийин гана операция жасалаарын билдирүүдө. Ушул тапта Саламаттыкты сактоо министрлиги каражат бөлүү маселесин караштырууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG