Орусиядагы кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров билдирди. Маалыматка ылайык, ушул тапта Москвадагы балдар үйүнүн биринде жыйырмадай кыргыз ымыркайы бар. Алар документтери даярдалып бүтөөрү менен Кыргызстанга жеткирилмекчи.
27-апрелде энелери таштап кетип, Москвадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан Тимур, Арсен жана Нурбек аттуу наристелер Бишкекке алынып келинген. (KKs)
27-апрелде энелери таштап кетип, Москвадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан Тимур, Арсен жана Нурбек аттуу наристелер Бишкекке алынып келинген. (KKs)