Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Сирияда борбордук банкка аткылоо болду


Бүгүн сириялык телеканалдар Дамасктагы борбордук банктын имаратына аткылоо болгонун кабарлашты. Белгисиз куралчандар банкты гранатомет менен аткылап, чабуулдан төрт полиция жаракат алганы айтылууда. Кечээ Дамаскка БУУнун миссиясынын жаңы жетекчиси генерал Роберт Муд келип, тараптарды согушту токтотууга үндөгөн эле. Ал качан гана Башар Асаддын режими дагы, оппозициялык күчтөр дагы бир убакта аткылашууну токтоткондо кырдаал жөнгө салына турганын айтты.

XS
SM
MD
LG