Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:19

Арча-Бешикте сел үйлөрдү каптады


Кечээ түштөн кийин Бишкекте нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен айрым жерлерди сел суусу каптаганы айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, Боз-Бөлтөк, Бабахан капчыгайларынан чогулуп келген суу Ленин районундагы Орок жаңы конушунда эки турак үйдүн там аркаларын жана Арча-Бешик конушунда 23 турак үйдүн там аркасын каптаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана бузулган турак үйлөр жок. (RK)

 

XS
SM
MD
LG