Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:24

Айрым мамлекеттик ооруканалар жекече иштей башташы мүмкүн


Кыргызстандагы айрым мамлекеттик медицина мекемелерине өзүнчө бөлүнүп жекече иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Тиешелүү концепция коомчулуктун талкуусуна чыгарылды.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жекече иштөөгө уруксат өз алдынча иштеп кете ала тургандарга гана берилет. Мисалы, тиш дарылоочу бейтапканалар.

Бирок аз камсыз болгон, мамлекет тарабынан социалдык коргоого алынган бейтаптарды медициналык жактан тейлөө системасы өзгөрбөйт. Эгерде өз күчүнө ишенген ооруканаларга өз алдынчалык берилсе, элдин саламаттыгын сактоого мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан жалпы акчадан пайда көбүрөөк болоору айтылууда.

Кыргызстан Союз урагандан кийин саламаттыкты сактоо системасын мурдагыдай мамлекеттик бойдон сактап кала алган республикалардын бири. Расмий маалымат боюнча учурда жекече иштеген дарыгерлердин саны өлкөдө жети жүздөй. Алар негизинен Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана Караколдо иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG