Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Бүгүн Сириядагы чабуулдарда 20 адам набыт болду


Сириядагы “Сана” мамлекеттик маалымат агенттиги бүгүн “куралчан террористтер” борбордук банктын имаратын гранатомет менен аткылап, Дамаскта полициянын имаратына чабуул коюшканын, түндүк-батыштагы Идлиб шаарында эки бомба жардырышканын кабарлады. Адатта өлкөдөгү режим өзүнө каршы чыгып жаткан оппозицияны “террорист” деп атап жүрөт.

Баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктары боюнча уюм Идлибдеги жардырууларда 20 адам мүрт кеткенин билдирди. Банктагы чабуулда төрт полисмен жарадар болуп, имараттын айрым жерлери бузулган.

Өлкөдө Бириккен улуттар уюму менен Арап лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планы ишке киргенине эки аптадан ашты, бирок каршылашкан тараптардын чабуулдары токтобой жатат. Бул жумуриятта президент Башар ал-Асадды бийликтен кетириш үчүн массалык толкундоолор былтыр мартта башталган.

XS
SM
MD
LG