Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Кыргыз-өзбек чек арасында бир аял жараат алды


Оштун Араван районунун тушунда жайгашкан Өзбекстандын Мархамат районунда өзбек чек арачыларынын огунан кыргызстандык аял жараат алды. Бул окуя 27-апрелде болгонун "Азаттыкка" бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, ал аял азыр Мархамат районунда ооруканада дарыланып жатат. Өмүрүнө коркунуч келтирчү жарааты жок. Бир аз сакайганда өзбек тарап аны кыргыз чек арачыларына өткөрүп берүүгө тийиш. Ал Мархаматтан Кыргызстан тарапка атайын бекеттен эмес, тыйуу салынган жерден өткөнгө аракеттенгени айтылууда.

- Ал өзү Мархаматтын кызы экен. 1988-жылы кыргызстандык жаранга күйөөгө чыгып, кыргыз жарандыгын алыптыр. Төркүнүндө коноктоптур. Бирок кайра келатканда эмне себептен бекеттен өтпөй, мамлекеттик чек араны бузганы түшүнүксүз болуп жатат, - деди Бөрүбаева.

Бүгүн айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытовго шилтеме жасап, чек арада өзбек чек арачылары кыргызстандык Фатима Абдукахарованы атып өлтүрдү деп жазып чыгышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG