Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Согуштагы кылмыштар үчүн алгачкы жолу босниялык мусулман аял соттолду


Бүгүн Сараеводогу сот 1990-жылдардагы согушта хорваттарды өлтүрүлүшүнө Расима Хандановичти күнөөлүү деп тапты. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Босния армиясынын “Зулфикар” атайын уюшмасынын аскери Ханданович 1993-жылы Трусина айылында үч жайкын тургунду жана түрмөдөгү үч кишини өлтүрүүгө катышкан. Согуш бүткөндө АКШга көчүп кеткен бул айымды былтыр декабрда кайра алып келишкен эле. Ал азыр эми тергөөчүлөр менен кызматташып, “Зулфикардын” башка кармалган мүчөлөрүнүн кылмыштары жөнүндө да маалымат берем дегени үчүн сот анын жазасын жеңилдетип, 5-6 жылдын тегерегинде түрмөгө кесет го деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG