Буга чейин ал депутаттык анттын текстине каршы болуп, өткөн аптада ант берүүгө катышпай койгон. Ал антта депутаттар 2008-жылы кабыл алынган конституцияны “коргоого” касам ичиши керек. Баш мыйзам өлкөдөгү армияга парламенттеги 25% орунун сактап калышына кепилдик берет. Ошондуктан Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи анттын тексти өзгөртүлүшүн талап кылган. Бирок бүгүн ал өзү үчүн добуш берген колдоочуларынын үмүтүн акташ үчүн парламенттеги ишин улантууну чечкенин билдирди.
Бул окуя өлкөгө Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун келген учурда болуп жатат. Баш катчы өлкөнүн президенти Тейн Сейн менен жолугушту, эми эртең Аун Сан Су Чжи менен жолугушаары күтүлүүдө. Баш катчы бул жолу Мьянмага анын азыркы режиминин демократиялык реформаларына колдоо көрсөтүп, Батышты бул өлкөгө киргизген санкцияларын алып салууга же кыскартууга үндөө максатында барган.