Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Лондон мэри аэропорттогу кезек күтмөйгө кыжыры кайнады


Лондондун мэри Борис Жонсон эл аралык Хитроу аэропортунда жүргүнчүлөрдү узак кезек күттүрүү Улуу Британиянын беделин түшүрүшү мүмкүн деп өлкөнүн ички иштер министри Тереза Мейге кайрылды. Министрге жолдогон катында Жонсон аэропорттогу кезек күтмөй “коркунучтуу таасир” калтыраарын айтып, муну чукул арада жөнгө салууга чакырды. Европалык экономикалык аймактан тышкары өлкөнүн жарандары кээ бир учурда аэропорттогу чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн эки сааттап кезек күткөн учурлар болоору айтылды.

XS
SM
MD
LG