Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

УКМК: «Мегакомдон» дагы 6 млн. доллар чыгарылган


«Мегаком» байланыш операторуна ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасындагы мыйзамсыз акча которуулар боюнча жаңы жагдайлар пайда болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атахановдун “Азаттыкка” билдиришинче, апрел окуяларынан кийин ишканадан буга чейин айтылгандай 142 миң сом эмес, дагы 6 миллион доллар чыгарылып кеткени аныкталды. Маалыматка ылайык, бул акча Гонконгго, андан соң оффшордук аймактарга которулганы кабарланууда. Азырынча ири суммадагы акча кимдин эсебине түшкөнү ачык айтыла элек.

УКМК «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп айыптоодо. Камакка алынган үч кызматкер аталган айыптарды четке кагып келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG