Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Азербайжан Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар


Азербайжан Нарын дарыясынын башкы алабындагы орто жана чакан ГЭСтердин курулушуна катышууга ниеттенүүдө. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Автандил Калмамбетовдун кабарлашынча, Азербайжан тарап мындай ниетин кечээ эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын Бишкектеги жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Азербайжан тарап ГЭС курууга кете турган чыгымдардын техникалык жана экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу зарылдыгын айтууда. Кыргызстан бул сунуштарды колдоого алууда. Буга чейин Азербайжандын көмөгү менен Кыргызстанда мунай кайра иштетүүчү завод курулаары кабарланган. Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында бул заводду 2013-жылга чейин куруп бүтүрүү маселеси көтөрүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG