Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Коррупция боюнча 47 кылмыш иш козголду


УКМК алдында Коррупцияга каршы кызмат уюшулгандан бери жемкордук боюнча 47 кылмыш иш козголду. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Шамил Атахановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул коррупциялык аракеттердин жалпы зыяны 300 миллион сомго жетти. Анын ичинен 10 миллион сому кайра кайтарылды. Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери былтыркы жылга салыштырмалуу көптүк кылат. 2011-жылы бир жыл ичинде 40 гана кылмыш иши ачылган. Коррупцияга каршы кызмат былтыр декабр айында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG