Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Кара-Сууда ири өлчөмдө курал-жарак табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда диний экстремизмге тиешеси бар деп шектелген кишинин үйүнөн ири өлчөмдөгү курал-жарак табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 30-апрелде Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 28 жаштагы тургунунун үйүнүн чатырынан колдо жасалган жардыргыч, РГД-5 үлгүсүндөгү граната, АК гранатомету, жүзгө жакын ар түрдүү өлчөмдөгү ок-дары табылган.

Буга чейин ок-дары табылган үйдүн ээси диний экстремисттик уюмдардын биринин активдүү мүчөсү экендиги жөнүндө маалыматтар бар болчу. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, кылмышка шектүү делген кишиге издөө салынды. (SE/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG