Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Москвада демонстрацияга Медведев менен Путин катышты


Владимир Путин менен Дмитрий Медведев Москвадагы парадка катышты, 1-май, 2012
Владимир Путин менен Дмитрий Медведев Москвадагы парадка катышты, 1-май, 2012
“Бирдиктүү Орусия” партиясы жана профсоюздар федерациясы уюштурган параддын алдыңкы сабын президент Дмитрий Медведев, жаңы шайланган президент жана премьер-министр Владимир Путин, ошондой эле, Москванын мэри Сергей Собянин баштап чыгышты. Алардын артында “Биз - күч!”, “Эмгектин эли Путин менен Медведев үчүн!” деген өңдүү плакаттарды көтөргөндөр турушту. Полициянын маалыматына караганда, акцияга 120 миңге жакын адам чыкты.

Коммунисттер болсо бул күнү Москванын борборундагы Театральная аянтында жөө жүрүш жана митинг өткөрөөрүн айтышкан. Ага 5 миңдей адам катышат дешет.

Оппозиция болсо бүгүн баш калаада эч кандай демонстрация өткөрбөйт. Алар 6-майда массалык жыйын уюштурушмакчы.

1-май Эмгекчилер күнүнө карата массалык митингдер бүгүн Орусиянын бир топ шаарларында өтүп жатат. Профсоюздардын маалыматына караганда, аларда эки миллионго чейин адам катышат.

XS
SM
MD
LG