Бишкек менен Корея республикасынын борбору Сеулду байланыштырган түз аба каттам ачылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Алгачкы каттам менен Сеулга вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган кыргыз делегациясы учуп барды. Корея өкмөтүнүн өкүлдөрү менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Бишкек - Сеул- Бишкек каттамындагы учак аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү учуп турмай болду. (RK)