Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Ооганстанда төрт баланын өлүмү үчүн НАТОну айыптагандар демонстрацияга чыгышты


Бүгүн жүздөгөн эл түштүктө Кабул-Кандагар жолун тосушту. Алар НАТОнун талиптер менен атышууларында өлгөн деп эсептешкен төрт жаш баланын денесин көтөрүп алышкан. Провинциянын губернаторунун орун басары Мухаммаджан Расулярдын айтымында, кармашта 8 жаштан 12 жашка чейинки балдарга да ок тийип өлгөн эле. Расуляр окуяга күбө болгон айрым адамдарга шилтеме жасап, балдардын өлүмүнө чет-өлкөлүк аскерлер эмес, козголоңчулар күнөөлүү экенин билдирди. НАТО болсо окуяны иликтеп жатканын кабарлады.

Ооганстанда АКШ жетектеген аскерлер соңку айлары жайкын тургундардын өлүмү үчүн кескин айыпка кабылышкан. Март айында америкалык аскер Роберт Бейлс 17 кишини, анын ичинде тогуз жаш баланы, атып салган эле.

XS
SM
MD
LG