Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Македонияда беш адамдын өлүмү менен байланышкан иштин алкагында 20 киши камалды


Өткөн айда баш калаа Скопьеге жакын жерде болгон окуяга байланыштуу иш боюнча бул жаңылыкты бүгүн өлкөнүн ички иштер министри Гордана Янкулошка билдирди.

"Кармалгандар Скопьеден болушат жана радикал исламчылар, - деди министр. - Алар христиандар үчүн да, мусулмандар үчүн да коркунуч келтирет. Булардын максаты – Македониянын элинде коркунучту, бейстабилдүүлүктү жаратуу".

Кармалгандар тууралуу башка толугураак маалымат жакынкы күндөрү берилээрин айтышты. 13-апрелде 18-20 жаштагы төрт өспүрүмдү жана 45 жаштагы кишини белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле.

XS
SM
MD
LG