Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Барак Обама Ооганстанга барды


АКШ президенти 1-майда алдын ала жарыяланбаган сапары менен Ооганстанга барып, президент Хамид Карзай менен жолугушту. Эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюшту. Келишимде 2014-жылы АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүсү жана андан кийин да аскердик, финансылык көмөк көрсөтүү тууралуу айтылат. 

Барак Обаманын бул сапары “ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладендин өлтүрүлгөнүнүн бир жылдыгына туш келди. Былтыр 2-май күнү Усама бин Ладен Пакистандын чет жакасындагы үйүндө жашырынып жаткан жеринен америкалык атайын даярдыктагы аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн болчу.

 

XS
SM
MD
LG