Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:21

Кыргыз делегациясы темир жолду сүйлөшүү үчүн Кытайга барат


Бүгүн кыргызстандык делегация Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүү өткөрүү үчүн Кытайга жөнөт кетет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт жана коммуникация министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Кубанычбек Мамаев билдирди. Делегациянын курамында транспорт жана каржы багытындагы өкмөт өкүлдөрү бар. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорду каржылоо маселеси түзөт.

Долбоорго ылайык, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун узундугу 268 чакырымды түзмөкчү. Анын курулушу 2 млрд. доллар деп бааланууда. Буга чейин Кытай темир жолду куруу үчүн Кыргызстандагы Жетим-Тоо, Сандык жана Терек-Сай кендерин берүүнү талап кылганы кабарланган. Бирок кыргыз өкмөтү кендер темир жолго алмаштырылбай турганын, долбоорду каржылоонун башка жолдору табылаарын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG