Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Барак Обама: Ооганстанда “согуш мезгили” аяктоодо


Ооганстанга күтүүсүз иш сапары менен барган АКШ президенти Барак Обама аймакта “согуш мезгили” аяктап баратканын айтып, “ал-Каида” жеңилчү күн алыс эмес экенин белгиледи. Обама Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимге кол койгондон кийин Баграмдагы авиабазада сөз сүйлөдү. Анын билдирүүсү америкалык телеканал аркылуу прайм-тайм убакытта элге көрсөтүлүп турду. Обама Ооганстанда согуш токтоп, “тынчтык доору” өкүм сүрөөрүнө аз эле убакыт калганын айтты.

XS
SM
MD
LG