Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 1-майда Зергер айылдык аймагына караштуу Ничке айылында таңкы саат бешке жакын болжол менен 50м³ жер көчкү түшкөн. Ал жердеги эки үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. (RK)