Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:43

Бээжин АКШдан кечирим сурашын талап кылууда


Кытай бийлиги АКШ өлкөнүн "ички иштерине кийлигишкени үчүн" кечирим сурашы керек деп талап кылууда. Мындай билдирүүнү бүгүн Кытайдын Тышкы иштер министрлиги таратты. Бир нече күн мурун азиз диссидент Чэн Гуанчендин үй камагынан качып, АКШнын элчилигинде жашырынган. Айрым кабарларга ылайык, Чэн шаршембиде элчиликтен чыгып, ооруканага жаткырылды.

Диссидент күчтөп бойдон алдыруу жана тукумсуздандырууга каршы кампанияны жүргүзгөнү үчүн үй камагына алынган.

Чэнге байланышкан соңку окуялар АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Кытай өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү ортосунда апта этегинде Бээжинде өтө турган сүйлөшүүлөрүнө көлөкө ташташты мүмкүн.

XS
SM
MD
LG