Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Freedom House: Кыргызстанда басма сөз "эркин эмес"


Дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салып турган Freedom House эл аралык уюму кечээ жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан былтыркыдай эле, быйыл да басма сөзү “эркин эмес” делген өлкөлөрдүн катарында турат. 197 өкөнүн ичинен Кыргызстан 155-орунду ээледи.

Баяндамада дүйнөдөгү 197 мамлекетте 2011-жылы сөз эркиндиги жаатында байкалган абалга талдоо жасалган.

Беларус, Түркмөнстан жана Өзбекстан “басма сөз эркиндигинин негизги душмандары” деп аталды.

Тизменин эң этегине сөз эркиндиги такыр эле жок өлкө деп уюм Түндүк Кореяны койду, ал эми эң эле эркин басма сөздүү мамлекеттер катары Финляндия, Норвегия жана Швеция көрсөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG