Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

CPJ: Өзбекстан менен Беларуста катуу цензура өкүм сүрөт


Өзбекстан, Беларус жана Иран эң катаң цензура өкүм сүргөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүн утурлай Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жарыялаган докладда айтылат. Цензура гүлдөгөн өлкөлөрдүн тизмесин Эритрея, Түндүк Корея жана Сирия баштайт.

Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун ырастоосунда, Өзбекстанда журналисттерди куугунтуктоо, соттоо учурлары кеңири жайылган. Беларуста маалымат каражаттарына болгон кысымдан улам, эркин медиа жашыруун иштөөгө мажбур болуп калды. Иран өкмөтү саясий толкундоолорго веб-сайттарды тороо жана журналисттерди камоо менен жооп кайтарууда.

Комитет сөз эркиндигинин абалына 15 көрсөткүч боюнча баа берген. Атап айтканда, веб-сайттардын блокировкасы, электрондук маалыматты жаздыруу жана аны жайылтууну чектөө, менчик же көз карандысыз маалымат каражаттарынын жоктугу, журналисттердин кыймыл аракеттерин чектөө, чет өлкөлүк теле жана радиоберүүлөрүнө тоскоолдук түзүү жана чет элдик кабарчылардын ишине тыюу салуу эске алынган.

XS
SM
MD
LG