Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Ала качууга каршы роликтер эл аралык сыйлык алды


Коомдо ала качуу сыяктуу көрүнүшкө каршы күрөшүү максатында тартылган видеороликтер эл аралык сыйлыкка татыды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкын багыт" фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова билдирди. Сыйлык Москва гуманитардык университетинде өткөн XIV эл аралык жарнама фестивалында тапшырылды.

Бул социалдык роликтердин максаты - коомчулукка ала качуу кылмыш экенин, кыздардын укугун бузгандар жоопко тартылаарын жеткирүү, ата-энелердин бул маселеге туура көз карашын калыптандыруу экени айтылган.

"Айкын багыт" фонду кыз ала качуунун курмандыгы болгон кыз-келиндердин укугун коргоо, бул көрүнүштү жок кылуу багытында иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG