Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Египеттеги кагылышууда 11 киши өлдү


Каирде демонстранттар менен белгисиз адамдар ортосунда тутанган кагылышта бери дегенде 11 киши ажал тапты. Аскердик башкарууга чекит коюуну талап кылган демонстранттар бир нече күндөн бери коргоо министрлигинин алдында акция өткөрүп жатышкан. Маалыматтарга караганда, акция катышуучуларынын көбү – президенттик жарыштан четтетилген ултраконсервативдүү исламчылардын тарапкерлери. Кагылышуудан кийин президенттикке 2 талапкер үгүт иштерин убактылуу токтотушканын жарыялашты. Шайлоонун биринчи айлампасы 23-24-майга белгиленген. Өлкөнүн мурдагы президенти Хосни Мубарак былтыр февралда элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кеткен.

XS
SM
MD
LG