Сынак адам укуктары боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында өткөрүлөт. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунан билдиришкендей, сынакка Кыргызстандагы паракорлук, жемкорлук темаларын козгогон бардык эмгектер кабыл алынат. Мыкты делген эмгектер соңунда атайын көргөзмөгө чыгарылат. Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» даректүү тасмалардын фестивалы жалпы адам укугуна байланыштуу маселелерди тасма аркылуу көрсөтүп, чечүүнү көздөйт. (КЕ)
«Бир Дүйнө Кыргызстан» даректүү тасмалардын фестивалы жалпы адам укугуна байланыштуу маселелерди тасма аркылуу көрсөтүп, чечүүнү көздөйт. (КЕ)