Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Ошто журналисттердин аллеясы ачылат

Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин түштүк бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-май күнү аймактагы журналисттер Ош шаарындагы кыргыз улуттук драма театрынын жанынан бөлүнүп берилген жерге 80 даана мөмөсүз бак-дарактардын көчөттөрүн тигишет. Келечектеги эс алуу багынын кире беришине “Журналисттер аллеясы” деген жазуу илинет.

Иш-чара 3-май – Эл аралык сөз эркиндиги күнүнө карата уюштурулууда. Ушундай эле аллея 2010-жылы Бишкек шаарында да ачылган. (SE)
XS
SM
MD
LG