Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Кыргызстанда абактагылардын 30 пайызы улгайгандар


Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, соңку жылдары абактарда тамак-аш жакшырганы менен социалдык жактан камсыздоо, медицина маселелери дале чечиле элек. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору жана “Улгайган адамдардын ресурстук борбору” бирикмеси Европа Кеңешинин колдоосу менен абак-жайлардагы улгайган адамдардын абалына байкоо салган. Анын максаты – түрмөдөгү жагдайдын юридикалык, медициналык, социалдык жана моралдык жактан көпчүлүк тааныган стандарттарга туура келер-келбесине баа берүү. Жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге соттолгондордун пенсия алуу жана аны которуу маселесин чечүү, майыптыгы боюнча тобун аныктоо, медициналык жардам көрсөтүү маселелерин чечүү сунушталды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG