Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

“Ээнсиреген үй” “Кинотавр” фестивалында көрсөтүлөт


Кинорежиссер Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” тасмасы Сочиде жалаң орусиялык фильмдер катышкан “Кинотавр” фестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу фильмдин башкы продюсери Евгения Тирдатова “Азаттыкка” кабарлады. Фестивалда жалпысынан 14 тасма көрсөтүлөт. Ал Сочи шаарында 3-10-июнь күндөрү өтмөкчү.

“Аталар керээзи”, “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген эмгектери менен таанылган режиссер Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” фильми кыргыз коому үчүн учурдун башкы социалдык көйгөйүнө айланган миграция темасына арналган. Анын бет ачары Бишкекте кечээ, 3-майда өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG