Европада ракетага каршы коргонуу системасын орнотуу маселесинде Орусия АКШ жана НАТО менен мунасага келе албай жатат, сүйлөшүүлөр “туңгуюкка такалышы мүмкүн”. Бул тууралуу бүгүн Москвада өтүп жаткан эл аралык конференцияда Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков билдирди. Анын айтымында, тараптар бир чечимге келе алышпаса, Москва жооп катары “аскердик-техникалык чара көрүүгө” даяр. АКШ Чыгыш Европанын кээ бир өлкөлөрүндө жана Түркияда ракетага каршы коргонуу системасынын элементтерин жайгаштырууну көздөөдө.
Орус бийлиги долбоорду сындап, анын Москвага каршы багытталганын ырастап келатат.
Орус бийлиги долбоорду сындап, анын Москвага каршы багытталганын ырастап келатат.