Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

Тажикстан дагы бир исламчыл уюмга тыюу салды


Тажикстандын Жогорку Соту “Жамаат Ансарулла” деген исламчыл уюмду экстремисттик деп сыпаттап, ага тыюу салды. Өткөн жылы уюм тажиктерди жихадга, Куран үстөмдүк кылган бийликти колдоого үндөгөн бир нече видеотасма чыгарган. Жакында өкмөттүк күчтөрдүн атайын операциясында өлтүрүлгөн мыйзамсыз куралдуу топтун башчысы молдо Абдулло ошол кыймылдын активисти болчу деп маалымдалган.

2000-жылдан бери тажик бийлиги 10дон ашуун исламчыл уюмга тыюу салды. Кара тизмеге "ал-Каида", "Талибан", Өзбекстан Ислам кыймылы, "Хизб-ут Тахрир" жана башкалар киргизилген.

XS
SM
MD
LG