Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Аткезчилик менен азык-түлүк ташып бараткан унаа кармалды


Баткен облусунун аймагындагы Айдаркен чек ара бекетинде Кыргызстандан Өзбекстанга аткезчилик жол менен жалпы салмагы 450 килограмм азык-түлүк ташып бараткан машине кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Ошол эле күнү Ош чек ара бекетинин кызматкерлери тарабынан Hyundai-Porter машинеси менен эл керектөөчү товарларды жана газ эсептегичин Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык эки адам кармалган. Бул буюмдардын жалпы суммасы 200 миң сомду түзөт. Кармалган адамдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG