Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Быйыл электр энергиясына баа көтөрүлбөйт


Бул тууралуу бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев пресс-тур учурунда билдирди. Анын айтымында, Өкмөт министрликке электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча бир канча варианттарды даярдап чыгууну тапшырган. Ага ылайык, ири ишкана, сауна жана мончолорго тарифтерди көтөрүү сунушталган. Учурда электр энергиясы үчүн калк 70 тыйындан, ал эми өнөр жай ишканалары 1 сом 50 тыйындан төлөйт.

Мындан сырткары министр келерки жылдын жылытуу мезгилине жакшылап даярданууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Быйыл кыш демейдегиден узак жана оор болуп, энергетика тармагы кыйын жагдайга туш болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG