Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

WHO: Жылына 15 миллиондон көп ымыркай ара төрөлөт


Бүткүл дүйнөлүңк саламаттыкты сактоо уюмунун (WHO) жаңы отчетуна ылайык, дүйнөдө ар бир онунчу ымыркай ара төрөлөт. Жылына 15 миллиондон көп төрөлгөн андай наристелердин көбү эмчектеги кезинде эле чарчап калат же майып болот. Ара туулган балдардын саны боюнча Пакистан биринчи орунда турат. 100 ымыркайдын ичинен он алтысы ара төрөлөт. Беларус, Жапония, Швеция, Эстонияда бул көрсөткүч 5тин айланасында.

Отчеттун авторлору бул маселеге жетиштүү көңүл бурулбайт деп санашат. Доктурлардын пикиринде, эненин жана жаңы төрөлгөн баланын саламаттыгын тейлөөгө өзгөртүү киргизилсе, чарчап калган балдардын санын 75 процентке азайтса болот.

XS
SM
MD
LG