Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Алайлыктар ысырапкорчулукту кыскартууну колдойт


Бул тууралуу Ош облусунун Алай районунда ашыкча чыгымды кыскартууга арналган жыйында белгиленди. Аталган райондун акими Таалай Сарбашевдин “Азаттыкка” айтымында, жыйындын катышуучулары ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча атайын мыйзам кабыл алып берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке жана кыргыз элине кайрылды. “Алайлыктар өздөрү да ашыкча чыгымдарды кыскартууга даяр экендиктерин айтышып, маркумду акыркы сапарга узатууда бир гана кой союу керек экендигин, мындан ары ашыкча чыгымдарды кыскартуу үчүн чогуу иштешерин билдиришти”, - деди аким.

Ар бир айылда бул демилгени көзөмөлдөө үчүн комиссия түзүлүп, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынга райондук бийлик өкүлдөрү, жериликтүү тургундар жана имамдар катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG