Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Кытайлык диссидент мекенинен кетүүнү каалайт деген кабар тастыкталды


Кошмо Штаттары активист Чэн Гуанчен үй-бүлөсү менен Кытайдан кетүүнү каалайт деген маалыматты тастыктады. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд кабарчыларга билдиргендей, америкалык расмий адамдар Чэн менен бүгүн сүйлөшүштү. Ал жубайы менен Кытайдан кеткиси келгенин бышыктады. Өкмөттүн демографиялык саясатын сындагандыгы үчүн үй камагына өкүм кылынган Чэн 22-апрелден бери АКШнын элчилигинде жашырынып жүргөн. Кечээ ага Кытай бийлиги тарабынан кепилдиктер берилгенден кийин элчиликтен чыгып, ооруканага жаткырылган. Бирок кийин диссидент аялын коркутуп-үркүтүшкөнүн, жакындарынын, өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын айтты. Кытай Чэнди өлкөдөн чыгаруу маселесин мындан ары талкуулайбы же жокпу азырынча белгисиз. Мамлекеттик катычы Хиллари Клинтон кечээ АКШ анын мындан аркы тагдырына кайдыгер калбайт деп ишендирген.

XS
SM
MD
LG